Маалыматка караганда, эртең менен күтүүсүз башталган шамал чаңдуу бороонго айланган. Өкмөттүк имараттын чатырын шамал алып кеткен. Кишилер жабыркаган жок.
Шамалдан электр зымдары үзүлүп, салык инспекциясынын имаратынын жана бир нече үйлөрдүн чатырылары да талкаланган.
Администрациядан белгилешкендей, зыянга учурган имараттардын чатырлары 7-8 жыл мурун жабылган жана 2019-жылы болгон катуу шамалга туруштук берген.
Буга чейин Ташкентте чаңдуу бороон болгону кабарланган. Бир нече киши дем алуудагы кыйынчылыктарга даттанып, ооруканага кайрылган.