Экинчи мөөнөткө мамлекет башчылыкка шайланган Мирзиёев ант берүү аземинен кийин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилге кылды. Daryo.uz сайты маалымдагандай, ал көпчүлүк мамлекеттер өнүгүү жолунда констуциялык реформаларга барганын белгилеген.
Мирзиёев 24-октябра өткөн президенттик шайлоодо жеңүүчү болгон, батыш байкоочулары саясий жарыш атаандашсыз өткөнүн белгилешкен.
64 жаштагы азыркы президент 80,1 пайыз добуш менен өлкөдө анча белгилүү эмес төрт талапкерди артка таштаган. Үч оппозициячыл партиянын каттоодон өтүүсүнө уруксат берилген эмес.
Шавкат Мирзиёев 2016-жылы, мурдагы президент Ислам Каримов көз жумгандан кийин мамлекет башчы болуп шайланган. Ал бийликке келгенден кийин саясий жана экономикалык реформаларды жасоого убада берген, бирок көбүн аткарган эмес.