Кысым соцтармактарда түркмөн өкмөтүн сындагандар көбөйүп жаткан маалга туш келди. Түркмөн бийлиги өлкө боюнча Интернеттин ылдамдыгын азайтууга аракет көрүүдө.
“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, жума башында Ашхабадда жарандардын смартфондоруна VPN программасын орноткондор менен алардын кызматына кошулгандарды аныктоо аракети күчөтүлдү.
"VPN түйүнүнө кошулгандан кийин телефонумда интернет өчүп калды. Эки күндөн кийин мени жергиликтүү полиция бөлүмүнө чакыртышты, бирок себебин айтышкан жок. Мен чакыруу жөнөтүүнү сурадым, бирок полициячы расмий документ көрсөтүүдөн баш тартып, барбай койсом күч менен алып кетерин айтты. Полиция бөлүмүнө келгенде, коопсуздук кызматынын өкүлү күтүп отуруптур. Ал мага VPN түйүнүнө кошулган убакытты көрсөтүп, анын эмне себептен колдонгонумду билгиси келди. Андан соң мындай кызматты ким көрсөтөрүн сурады. Айтпай койсом жоопко тартылат элем”, - деди Сурай аттуу ашхабаддык тургун.
Түркмөнстанда VPN орноткон адистер да суракка чакырылууда.
Бул өлкөдө көз карандысыз сайттар, анын ичинде “Азаттык” радиосунун сайты ачылбайт. Жарандар VPN кызматын колдонууга аргасыз.
Түркмөнстан Интернет эркиндиги боюнча эл аралык рейтингде эң акыркы орунда турат.