Буга чейин, 2-ноябрда Сино райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Зафар Исмоилзода иштен алынган.
“Озоди” радиосу өз булактарына таянуу менен Салимзоданын кызматтан кетишине “Мадина ишин адилетсиз тергегени” себеп болгонун кабарлаган.
Сухроб Салимзода – Тажикстандын мурдагы башкы прокурору Шерхон Салимзоданын небереси.
“Мадина иши” 2-ноябрда президент Эмомали Рахмон өткөргөн жыйында талкууланган. “Озодинин” өз булагы мамлекет башчы ур-токмокко алынган аялдын иши тергелбегени үчүн тиешелүү органдарды катуу сынга алганын билдирген.
25-августта Мадина Мамажонова уурдалып, бир күндөн кийин ур-токмоктун белгилери менен эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.
Бул окуя эки айдан кийин гана коомчулукка белгилүү болгон. Душанбенин укук коргоо органдары күнөөлүүлөрдү жоопко тарткан эмес.
Соцтармактардагы маалыматтарга караганда, Азиза Давлятова аттуу аял Мадинаны уурдап кетип, катуу сабаган. Азизанын күйөөсү Мадина менен чогуу иштеген. Ал аны жолдошунан кызгангандан улам ушундай ишке барганы айтылган. Кыйноого күйөөсүнүн канчалык тиешеси бар экени белгисиз.
1-ноябрда Душанбе шаарынын мэринин тапшырмасы менен жубайлар Азиза Давлятова менен Лутфулло Давлятов адам өлтүрүүгө аракет жасоого жана кыйноого шектелип кармалган.