Ссылки доступа

Демонстранттар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышты (видео)


 Глазгодогу нааразылык
Глазгодогу нааразылык

Дүйнөнүн ондогон шаарларында жума-ишемби күндөрү климаттын өзгөрүшүнө каршы акциялар болду. Алар Глазгодо өтүп жаткан эл аралык климаттык саммитке карата уюштурулган.

Жүздөн ашуун өлкөнүн башчылары катышкан конференция учурунда акырындык менен көмүрдөн баш тартууга, токтойлорду жок кылууну токтотууга убада берилген. Бирок экоактивисттер бул убадалар жетишсиз деп эсептешет.

Шотландиянын Глазго шаарында 5-6-ноябрда он миңдеген адам климаттык адилеттүүлүктү талап кылган демонстрацияга чыгышты. Каршылык акцияларынын башында швециялык өспүрүм активист Грета Тунберг турат. Ал өнүккөн өлкөлөрдүн лидерлерин сындап, парник газдарынын тарашын азайтуу үчүн катуу чараларды көрүүгө чакырды.

1-ноябрда дүйнө лидерлеринин катышуусу менен башталган саммитке 114 өлкөнүн башчылары келген. Алар абага бөлүнүп чыккан уулуу газдарды азайтуу, жашыл экономикага өтүү саясаты тууралуу кайрылуу кылышты.

Президент Садыр Жапаров да дүйнө лидерлеринин саммитине катышып, 2-ноябрда кайрылуу жасады. Ал бул иш-чарага Борбор Азиядан барган жалгыз лидер болду.

XS
SM
MD
LG