Ссылки доступа

Актау шаарындагы кафеде жарылуу болуп, имараты толук кыйрады


7-ноябрь күнү кечинде Казакстандын Мангистау облусунун административдик борбору эсептелген Актау шаарындагы эки кабаттуу кафеде жарылуу болуп, имараты толук кыйроого учурады.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык департаменттин басма сөз кызматы жабыркагандар тууралуу маалымат жок экенин кабарлады.

"Жарылууга байланыштуу азырынча ооруканага эч ким кайрылган жок. Учурда кыйроого учураган жердин аянты жана келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталап жатат", — деп жазылган мекеменин жекшемби күнү кечиндеги билдирүүсүндө.

Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысынын орун басары Бекболат Абдикадыров жарылууга газдын сызылып чыгуусу себепкер болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, куткаруучулар жарылуу болгон жерден кеминде эки газ баллонун табышкан.

Мекеме урандылардын алдында жарылбай калган баллондор болушу ыктымал экенин билдирип, жаңы жарылуулар болушу мүмкүн экенин белгилешти.

Жарылуу болгон жерде иш алып барган кинологдор каза болгондор жана жаракат алгандар жок экенин кабарлашты. Кафе ээсинин айтымында, жумушчулар жарылуу болордон бир саат мурда имараттан чыгып кетишкен.

Жол жээгинде жайгашкан кафедеги жарылуу учуру видеокөзөмөл камераларына түшүп калган.

Видео

Видео

Миграция ордуна үндүк бизнесин тандаган жубайлар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
XS
SM
MD
LG