Ссылки доступа

Тажикстанда жол эрежесин бузган жөө адамдар үчүн айып пул көбөйдү (видео)


Душанбедеги көчөлөрдүн бири
Душанбедеги көчөлөрдүн бири

Тажикстанда жол эрежесин бузган жөө адамдар үчүн айып пул көлөмү дээрлик эки эсеге жогорулады.

Өлкөнүн Административдик укук бузуулар тууралуу кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми жөө жүргүнчүлөр үчүн айып пулдун эң жогорку чеги 120 сомонини (10 доллар) түзүп калды. Буга чейин алар 7 сомониден 60 сомониге чейин төлөп келишкен.

Тажик мыйзам чыгаруучулары мындай жол менен жөө адамдар эреже бузган учурларды азайтууга мүмкүн деп эсептешүүдө.

Ошол эле маалда жөө жүргүнчүлөр жолдордон коопсуз өтүү үчүн өлкөнүн бардык эле шаарларында тротуарлар, жол чырактары жана жер алдындагы өтмөктөр жок экенине даттанууда. Алар айып пулду жогорулатуу маселени чечпей турганын, анткени МАИ кызматкерлери бул жагдайдан кыянаттык менен пайдаланышы мүмкүн экенин билдиришүүдө.

Быйыл март айында Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2021-жылдын алгачкы эки айында жол эрежесин бузганы үчүн 7 миңден ашык жөө адамга айып пул салынганын кабарлаган. Мекеменин билдирүүсүндө жалпы жол кырсыктарынын 60% жакынына эреже бузган жөө жүргүнчүлөр себепкер болгону белгиленген.

Расмий статистикага ылайык, өткөн жылы Тажикстанда 1100дөн ашык жол кырсыгы катталып, алардан 376 киши каза болуп, 1263ү жаракат алган.

XS
SM
MD
LG