Ссылки доступа

Укук коргоочу Иззат Амондун жакындары Жогорку сотко арызданышты (видео)


Мухаммадюсуф Холов

Алдамчылык үчүн соттолгон тажикстандык укук коргоочу Иззат Амондун уулу атасы доогерлердин бири белгилеген компенсацияны – 232 сомонини төлөбөгөнү үчүн гана темир тор артына жөнөтүлгөнүн айтты.

Мухаммадюсуф Холов "Озодиге" берген маегинде алар соттун өкүмү менен макул эместигин жана Жогорку сотко арызданганын билдирди.

Душанбе соту Иззат Амонду 19-октябрда тогуз жылга кескен, бирок иш жана өкүм тууралуу кенен маалымат берилген эмес. Орусиядагы мигранттардын укугун коргогон Амондун иши "ири өлчөмдө алдамчылык" айыбы боюнча тергелген. Укук коргоочунун жакындары анын ишинде саясий боёк бар деп эсептешет.

Мухаммадюсуф Холовдун айтымында, жабырлануучулардын бирине атасы компенсация иретинде 232 сомони (2000 рубль) бериши керек болгон.

"Ал Тажикстанда эмес Орусияда. Судья акчаны анын атына депозитке коюп, чекти алып келип бергиле деп айтты. Орусиядан келери менен сот аркылуу акчаны аларын билдиришкен. Биз дал ошондой кылдык. Бирок өкүм чыгарып жатканда ошол 232 сомонини жабырлануучу албаганы айтылып, атамды түрмөгө жөнөтүштү. Башкача айтканда өкүм бир жабырлануучунун арызынын негизинде чыкты. Сот жараяны учурунда айрым доогерлер акчадан жана дооматтан баш тартышты. Атам да айыптоонун бардык пункттары боюнча күнөөнү мойнуна алган жок", - деди укук коргоочунун уулу.

Ал Душанбе шаарынын мэрине, парламент төрагасына жана президенттин аткаруучу аппаратынын жетекчисине кайрылып, иштин адилеттүү каралышына көмөктөшүүнү өтүндү.

Сын Иззата Амона рассказал, почему его отца не амнистировали
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:58 0:00

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG