Ссылки доступа

Нур-Султанда Орусиянын номурлары тагылган автоунаа ээлери акцияга чыгышты


8-ноябрда Нур-Султан шаарындагы калкты тейлөө борборунун алдына ондогон адам топтолуп, Орусиянын номурлары тагылган автоунаа ээлерине карата басымды токтотууга чакырышты.

Алардын айтымында, акыркы күндөрү полиция кызматкерлери Орусияда катталган автоунааларды көбүрөөк токтотуп, айып пул салып, машинелерин айып жайга токтоткон учурлар көп катталууда.

— Адатта Орусиянын номурлары тагылган автоунааларды карапайым адамдар айдашат. Ошондуктан муну жөнөкөй жарандарга жасалган басым десек болот. Бийлик мунун ордуна маселени чечүүнүн башка жолун издесин, — деди Бекжан Батырбеков аттуу шаар тургуну.

Ал Орусиядан сатып алынган автоунааларды Казакстанда мамлекеттик каттоого тургузуу үчүн 3-4 миллион теңге талап кылынарын, бул автоунаанын өзүнүн баасы менен барабар экенин кошумчалады.

Чогулгандар Орусиянын номурлары тагылган жана Казакстанда каттоого алына элек автоунаалардын ээлерине убактылуу сары түстөгү номур берүүнү, ошондой эле машинелерди каттоого тургузуунун баасын төмөндөтүүнү талап кылышты.

Чогулгандардын алдына чыккан Нур-Султан шаардык полиция департаментинин өкүлү Елжан Чупеков Орусияда каттоодон чыгарылып, бирок Казакстанда каттоого тургузула элек орус номурлуу автоунаалар гана текшерилип жатканын билдирди.

8-ноябрда ушундай эле талаптар менен Казакстандын Семей, Актөбө жана Орол шаарларында да акциялар өттү. 7-ноябрда Костанайда да Орусиянын номурлары тагылган автоунаа ээлери чогулуп, өз талаптарын айтышкан.

Ал ортодо Казакстандын бийлиги Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн алып келинген автоунааларды убактылуу каттоого ала баштады.

Коронавирус пандемиясынан улам жарандардын чек арадан эркин өтүүсү мүмкүн болбой калгандыктан, мындай автоунаалардын өлкө аймагында каттоосуз жүрүүсүнө берилген бир жылдык мөөнөт 2021-жылдын 30-сентябрына чейин узартылган. Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) орус, кыргыз жана армян номурлары тагылган автоунаалар өлкөдө бул датадан кийин да жүрсө болорун, бирок бул үчүн алар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында каттоого алынган болушу керектигин эскерткен.

XS
SM
MD
LG