Ссылки доступа

ДССУ Түркмөнстанда COVID-19 жок экени тууралуу билдирүүлөрдөн күмөн саноодо


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жогорку кызматтагы өкүлү Түркмөнстанда коронавирус жуктургандар жок экени тууралуу өлкө бийлигинин билдирүүлөрүнөн күмөн санап жатканын билдирди. Бул тууралуу "Би-Би-Си" кабарлады.

"[Бул] дээрлик эки жылдан бери пандемия катары дүйнөнүн бардык аймактарына жайылып жатат. Илимий жактан алганда, Түркмөнстанда вирус жоктугунун ыктымалдуулугу төмөн", - деди ДССУнун өзгөчө абалдар боюнча өкүлү Кэтрин Смоллвуд.

Ал 2020-жылы жайында Түркмөнстанга ДССУнун Европа бюросуну миссиясын жетектеп барган.

Анда миссиянын өкүлдөрү өлкөдө коронавирус бар экенин ырастаган да, төгүндөгөн да эмес. Бирок түркмөн бийлигине "өлкөдө COVID-19 бар сыяктуудай аракеттерди көрүүнү" сунуштаган.

Мындан соң өлкөдө милдеттүү түрдө беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо режимдери киргизилген. Андан бери бийлик эки жолу карантин жарыялады. Алгачкысы 8 айга созулса, экинчи карантиндик чектөөлөр дээрлик үч айдан бери уланууда.

Түркмөнстандын бийлиги бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек экенин билдирип келет.

Буга чейин ДССУ октябрда Түркмөнстанга барган уюмдун Европа бюросунун директору Ханс Клюге өлкөнүн COVID-19дун алдын алуу боюнча стратегиясына жакшы баасын бергени тууралуу маалыматтарды четке каккан. 8-октябрда Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (ТДХ) Клюге президент Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык билдирип, өлкө коронавируска каршы күрөшүүдө "алдыңкы позицияларда" турарын белгилегенин жазган.

20-октябрда Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрлиги ПРООН жана Дүйнөлүк банк менен биргеликте өлкөдө COVID-19га реакция кылуу долбоорун баштаганы белгилүү болгон. Анда долбоорго буга чейин Дүйнөлүк банк насыя катары бөлгөн 20 миллион доллар жумшалары кабарланган.

XS
SM
MD
LG