Ссылки доступа

Тажикстанда уурулукка шектелип кармалган милициянын мурдагы офицери экстремизм беренеси менен соттолду


Мухриддин Эмомов
Мухриддин Эмомов

Тажикстанда экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык жасоо айыбы менен алты жылга соттолгон мурдагы милиция кызматкери Мухриддин Эмомовдун адвокаты Душанбе шаардык сотуна кассациялык арыз менен кайрылды.

20-октябра Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту Мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы кызматкери Мухриддин Эмомовду алты жылга эркинен ажыраткан. Анын жакындары сот отуруму тергөө абагынын имаратында "шашылыш жана дээрлик жабык өткөнүн" билдиришүүдө. Алардын айтымында, сот тууралуу үй-бүлөсүнө бир нече саат мурда кабар берилип, алар Вахш районунан Душанбеге барганча сот аяктап, өкүм чыгып калган.

Адвокат Файзали Музаффаров Эмомовдун күнөөсү далилденбегенин жана өкүм мыйзамсыз экенин айтып, бул боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрылганын билдирди. Анын айтымында, Мухриддин Эмомов сот залында жакындары жок болгондуктан, отурумду башка күнгө жылдырууну өтүнгөн. Бирок сот анын бул өтүнүчүн четке каккан.

Исмоили Сомони райондук сотунан Эмомовдун күнөөсү толук далилденгенин билдиришти.

Анын жакындары Эмомов быйыл 7-июлда өзү иштеп жаткан ашканада уурулук кылган деген шек менен кармалганын, бирок кийин ага интернет аркылуу экстремисттик материалдарды таратуу айыбы тагылганын билдиришүүдө.

Мухриддин Эмомов 2015-жылдан бери Түркияда жашап жүргөн. Ага экстремисттик топторго мүчө болуу айыбы менен издөө жарыяланган. 2019-жылы мунапыстын негизинде кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, 2020-жылы мекенине кайтып келген. Бул аралыкта Тажикстанда жашаган анын жубайы менен балдарына өлкөдөн чыгууга уруксат берилген эмес.

Түркияга кеткенге чейин Эмомов Мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгында жана Душанбе шаардык ички иштер бөлүмүндө иштеген.

XS
SM
MD
LG