Басылманын маалыматына караганда, Мирзиёев 12-ноябрда Стамбул шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммитине катышат. Бул Мирзиёевдин экинчи мөөнөткө шайлангандан кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапары болуп калат.
Саммитке Мирзиёевден тышкары Түркиянын, Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркмөнстандын президенттери жана Венгриянын премьер-министри катышат деп күтүлүүдө.
"Саммит коопсуздук, саясат, экономика, соода-сатык жана маданият тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналып, аталышындагы "Кеңеш" деген сөз "Уюм" деп өзгөтүлөт", — деп жазды Qalampir.uz.
Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине 2019-жылы сентябрда мүчө болуп кирген. Андан тышкары 2009-жылы түзүлгөн кеңешке Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан мүчө, Венгрия байкоочу макамына ээ. Түркмөнстан уюмга толук кандуу мүчөсү катары ушул жумада кирет деп күтүлүүдө.