Маалыматка караганда, мындай тилкаттар башка жогорку окуу жайларда да чогултулууда.
Тилкатта окутуучулар IMO мессенжерин да колдонбоого милдеттенме алышкан.
“IMO мессенжери аркылуу билдирүү гана жөнөтүүгө болот. Сүрөт жана видео жөнөтүүгө тыюу салынат”,- деди ашхабаддык тургундардын бири.
Окутуучуларга электрондук почталарды гана колдонуу сунушталууда.
Түркмөнстанда акыркы күндөрү соцтармактарга көзөмөл күчөтүлүп, Интернетке катуу чектөө киргизилди. Өлкөдө Facebook, Instagram, Twitter бөгөттөлгөн. Аларга VPN серверлердин жардамы менен гана кирүүгө болот. Бийлик VPN серверлери колдонгондорду жана аны жарандарга орнотуп бергендерди да куугунтуктап жатат.