Ссылки доступа

Казакстанда айдоочулар Орусиядан алынып келинген автоунааларды легалдаштырууну талап кылышты


9-ноябрда Актөбө шаарында жүздөй адам облус акимчилигине келип, орусиялык номур тагылган автоунааларга кысымды токтотуп, мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты.

Айдоочулардын айтымында, орус номурлуу автоунааларды кийинки күндөрү жол полициясы байма-бай токтотуп, текшерүүнү күчөттү. Айдоочуларга айып пул салып, унаанын өзүн айып пул жайына алып кеткен учурлар көбөйдү.

– Автоунаамды азыр эле айып пул жайына алып кетти. “Базада жок” дешти. “Страховка” бар. Авиашаарчанын жанынан токтотушту. Ошол жактан келаткам. Эми маселебиз чечилер деген үмүттөбүз. Машинелерибизди кайтарып беришсин! Каттоодон өткөрүүнү сунушташкандан кийин катташсын, – деди нааразы айдоочулардын бири Нурбакыт Сулейманов.

Эл көбөйө баштаганда бийлик өкүлдөрү нааразы кишилерди акимчиликтин маңдайындагы “Нур Отан” партиясынын имаратына кирүүгө көндүрүштү. Шаар акими Асхат Шахаров аларды сабырдуулукка чакырып, талаптарын жогору жакка жеткирүүгө убада берди.

Полициянын билдиришинче, азыр шаарда орусиялык автоунааларды кармоо боюнча атайын рейддер жүргүзүлгөн жок. Бирок эки-үч күндөн бери жол эрежесин бузган орусиялык номурлуу машинелер коммуналдык (акысыз) жайга жеткирилүүдө. Полиция автоунаалар мамлекеттик каттоодон өткөнгө чейин ээлерине кайтарылбай турганын белгиледи.

Айдоочулар бийлик буга чейин коңшу өлкөлөрдөн автоунаа ташып кирүүгө уруксат берип, бирок аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү талап кылып жатканына нааразы болушууда.

Буга чейин ушундай эле акциялар Нур-Султан, Семей жана Костанай шаарларында да болгон.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG