Ссылки доступа

Moderna компаниясы менен федералдык институт вакцина боюнча чырдашууда


Америкалык улуттук саламаттык сактоо инстутуту менен Moderna биофармацевтикалык компаниясы COVID-19 каршы даярдалган вакцинанын автору ким деген суроого байланыштуу жаңжалдашууда.

New York Times гезити вакцинанын келечеги жаңжалдын чечилишинен көз каранды экенин жазды.

Федералдык патенттөө мекемесине али жибериле элек өтүнүчтө Moderna компаниясы ойлоп табуучу иретинде бир нече кызматкеринин атын атаган. Саламаттык сактоо институту болсо өз мекемесинин үч кызматкерин авторлордун тизмесине кошууну талап кылууда

2019-жылдын соңунда коронавирустун жаңы тиби жайылгандан кийин аталган эки мекеменин кызматкерлери биргелешип, вакцина даярдоону колго алган. Федералдык өкмөт вакцина даярдоого бир жарым миллиард доллар жана али даярдала элек вакцинаны сатып алууга сегиз миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн.

Бул каражат али ийгиликтүу дары-дармек чыгара элек жаш компанияны колдоо үчүн керек болгон. Институт окумуштуулары болсо компанияга СOVID вирусун белокторун берген. Moderna бул белокторду өзү аныктаганын билдирүүдө.

Эки мекеме өкүлдөрү гезитке вакцинанын авторлугуна катыштуу доо жаралганын ырасташты. Эгер Саламаттык сактоо институту вакцинаны ойлоп табуучулардын катарында болсо, анда кирешеси төмөн өлкөлөргө вакцина чыгарууга лицензия берүү укугуна ээ болот.

Moderna компаниясы вакцина жеткирүү келишимдеринен 35 млрд доллар пайда тапкан. Ал өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге вакцинаны төмөн баада сатуудан баш тартууда деген сынга кабылууда.

XS
SM
MD
LG