Ссылки доступа

Дарига Назарбаева "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттеринин "чабуулуна кабылганын" билдирди


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы, Мажилис депутаты Дарига Назарбаева парламент имаратында "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттеринин "чабуулуна кабылганын" билдирди.

10-ноябрда аталган басылманын кабарчысы Нургүл Тапаева Назарбаевадан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун "Российская газета" басылмасына жарыяланган макаласы тууралуу комментарий берүүсүн өтүнгөн. Анда орус министри Казакстанда орус тилдүүлөргө карата ксенофобиялык көз караш бар экенин жазган.

"Эртең менен АКШнын өкмөтү каржылаган "Азаттык" радиосунун өкүлдөрү башка кесиптештерим сыяктуу эле менден да Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун макаласындагы фразага карата реакция кылуу талабы менен чабуул жасашты", — деди Назарбаева.

Ошол эле маалда ал акыркы кездери Орусиянын жогорку кызматтагы адамдары менен ЖМКлары "Казакстандагы жашоонун бир гана аспектисине көңүл буруп" жатышканын айтып, өлкөдө "100дөн ашык улуттун өкүлдөрү ынтымактуу жашап келерин" белгиледи.

"Казакстандагы "резонанстуу ксенофобиялык көрүнүштөр" тууралуу айтсам, укук коргоо органдары жана коомчулук алардын ар бирине олуттуу көңүл буруп, тиешелүү баа берилүүдө. Мындай болуп келген жана боло берет», – деди Назарбаева.

Ал Орусияда деле кээ бир учурларда "ксенофобиялык көрүнүштөр" болуп турарын кошумчалады.

Видео

Видео

Миграция ордуна үндүк бизнесин тандаган жубайлар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
XS
SM
MD
LG