Ссылки доступа

Президент Садыр Жапаров Түркияга барат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркияга иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" аттуу сегизинчи жыйынына катышат.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев белгилегендей, Саммиттин алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюу күтүлүүдө. "Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040" стратегиялык документин, уюмдун ишмердигине тиешелүү башка документтер да кабыл алынат.

Мындан тышкары "Түрк дүйнөсүнүн 2040-жылга чейинки келечеги" тууралуу чечимге кол коюу пландалууда. Бул чечим Баку шаарында 2019-жылдын 15-октябрында уюмдун 7-саммитинде Казакстандын туңгуч президенти, ТМКК ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев тарабынан демилгеленген. Аталган стратегиялык документ дүйнөнүн акыркы чакырыктарын жекече жана жамааттык түрдө чечүүдө ага мүчө-мамлекеттердин потенциалын колдоо үчүн негиздерди иштеп чыгууга багытталган.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугары күтүлүүдө.

Садыр Жапаров 9-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барып келген. Сапар алкагында президент Режеп Тайып Эрдоган менен эки өлкө ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынын өткөрүшкөн. Анын алкагында Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турганы маалым болгон.

XS
SM
MD
LG