Ссылки доступа

Тажикстандагы ооган учкучтары БАЭге жеткирилди (видео)


Ооган учкучтары

Ооганстанда бийликти "Талибан" кыймылы басып алгандан кийин Тажикстанга качып кирген ооган учкучтары отурган учак Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) баш калаасы Абу-Даби шаарындагы аэропортко конду.

10-ноябрга караган түнү АКШ Тажикстанда августтун ортосунан бери баш калкалап турган 200гө жакын ооган качкынын, анын ичинде 143 учкучту өлкөдөн чыгарып кеткен.

"Озоди" радиосу менен байланышкан учкучтардын бири алар Абу-Дабиде мейманканага жайгаштырылганын, азырынча АКШга качан жөнөтүлө тургандыктары белгисиз экенин билдирди.

"Душанбе аэропортунда түнү бою качан учабыз деп күтүп отурдук. Азыр Абу-Даби шаарындабыз. Бизге америкалык виза алганга чейин ушул жерде күтүшүбүз керектигин айтышты", — деди учкуч.

Афганские пилоты покинули Таджикистан
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

10-ноябрга караган түнү Душанбе аэропортуна барган "Озоди" радиосунун кабарчысы Тажикстандан учкучтардан тышкары дагы бир нече ооган үй-бүлөсү учуп кеткенин кабарлаган. Өз булактардын маалыматына ылайык, АКШ жалпысынан бул өлкөдөн 250 ооганстандыкты чыгарып кетүүнү пландаган.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG