Ссылки доступа

Орусия ИИМи дайынсыз болуп жаткан түркмөн активисти "өз каалоосу менен" мекенине кеткенин билдирди


Азат Исаков

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 20-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан түркмөнстандык оппозициялык активист Азат Исаковдун кайсыл жерде экенин аныктап берүү өтүнүчүнө жооп берди. Бул тууралуу 10-ноябрда "Түркмөнстан хроникасы" басылмасы кабарлады.

Мекеменин Ыкчам-иликтөө иштерин уюштуруу башкармалыгынын жетекчи орун басары Михаил Карпуниндин атынан жазылган расмий жоопто активист 22-октябрда Москвадагы Домодедово аэропортунан Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарына учуп кеткени баяндалган.

Карпунин активистти издөө үчүн Түркмөнстандын укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштаган.

Расмий жоопто Исаковдун өлкөдөн кетиши формалдуу түрдө депортация эмес экени белгиленип, ал өлкөдөн "өз каалоосу менен" учуп кеткени жазылган. Ошол эле маалда бүгүнкү күндө Түркмөнстанга туруктуу каттамдар менен учуп барууга мүмкүн эмес. Анткени өлкө бийлиги пандемияга байланыштуу 2020-жылдын март айында токтотулган эл аралык аба каттамдарын жанданта элек.

"Түркмөнстан хроникасы" белгилегендей, Исаков мекенине депортация жолу менен жөнөтүлсө, аны Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечими менен токтотуп коюуга мүмкүн болмок.

Орусияда жашап жүргөн оппозициялык активист Азат Исаков 20-октябрда Подмосковьеден дайынсыз жоголгон.

2-ноябрда "Түркмөнстан хроникасы" басылмасы "Түркмөнстан, биригебиз" аттуу оппозициялык топтун лидери Чемен Ореге шилтеме кылып, активист эч ким менен байланышка чыкпай жатканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, Исаков акыркы жолу Чемен Оре менен байланышып, "Полиция келди. Мен жашырынып калдым. Табышса алып кетишет" деген смс-билдирүү жөнөткөн. Андан соң телефондук чалууларга жооп бербей калган. Чемен Оренин айтымында, буга чейин түркмөн укук коргоо органдары Исаковду жана анын Түркмөнстандагы туугандарын бир нече жолу катаал жаза менен коркутушкан.

Акыркы айларда чет өлкөлөрдө жашаган түркмөнстандык жарандык коом өкүлдөрү менен оппозиция мүчөлөрүнө карата кысым күчөп, алар аңдууга жана кол салууларга туш болуп жатышат. Алардын көбү кармалып, Түркмөнстанга депортацияланышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Видео

Видео

Миграция ордуна үндүк бизнесин тандаган жубайлар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
XS
SM
MD
LG