Ссылки доступа

NASA астронавттарды Айга кондурууну 2025-жылга жылдырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) астронавттарды Айга кондурууну 2024-жылдан 2025-жылга жылдырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги NASA'нын башчысы Билл Нельсонго шилтеме кылып кабарлады.

Нельсондун айтымында, адистер 2024-жылга чейин автронавттарды Айга кондурууга техникалык жактан жетишпей калышат.

"Мындан тышкары "Артемида" программасынын башка этаптары да жылдырылууда. Алсак, спутниктин экипажсыз Айды айлануусу 2021-жылдан 2022-жылдын жаз айларына жылса, экипаждын Orion кемеси менен Айды айлануусу 2023-жылдан 2024-жылга жылды", — деди Нельсон.

Анын айтымында, буга коронавирус пандемиясы, ошондой эле соттук териштирүүлөр себеп болгон. Буга чейин Жефф Безоско таандык Blue Origin компаниясы Илон Масктын SpaceX компаниясына берилген Айга конуу модулун иштеп чыгуу келишими боюнча сотко кайрылган.

"Соттук териштирүүлөрдөн улам дээрлик жети ай убактыбызды жоготтук. Бул аралыкта миссияга даярдык көрүү иштеринин кыйласы бүтүп калмак", — деди Нельсон.

"Артемида" – АКШнын өкмөтү каржылаган Айга адамдарды жөнөтүү боюнча NASA'нын космикалык программасы. Ага америкалык жеке компаниялар, Европанын космикалык агенттиги, Жапония, Канада, Австралия, Улуу Британия, Италия, Бириккен Араб Эмираттары, Люксембург жана Украина катышат.

Буга чейин NASA негизги максаты — адамды Айга Кытайдан биринчи болуп кондуруу экенин бир нече жолу белгилеген. Өзүнүн космикалык программасын активдүү өнүктүрүп жаткан Бээжин мурдараак Марстын бетине изилдөө аппараттарын кондуруп, Айга зонддорун жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG