Ссылки доступа

Казакстанда АЭС отунун чыгара турган казак-кытай заводу ишке кирди


10-ноябрда Казакстандын чыгышындагы Өскемен шаарында өзөктүк электростанциялар үчүн жылуулук бөлүүчү конструкцияларды чыгара турган казак-кытай биргелешкен өндүрүш ишке киришти.

Жаңы ачылган "Ульба-ТВС" заводунун 51 пайыз акциясына "Казатомпром" компаниясы, 49 пайыз акциясына кытайлык CGNPC-URC компаниясы (China General Nuclear Power Corporation корпорациясы менен энчилеш) ээлик кылат.

Заводдо ядролук реактордон жылуулук энергиясын алууга арналган инженердик конструкциялар чыгарылат. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, "заводдун иштеши менен Казакстан атомдук станцияларга өзөктүк отун чыгарган жана жеткирген дүйнөдөгү саналуу мамлекеттердин курамына кирүүгө мүмкүндүк алат".

Компаниянын сайтындагы маалыматка караганда, "Ульба-ЖБК" франциялык Framatome компаниясынан сертификат алган. Бул документ завод жылына 200 тонна уран көлөмүндө AFA 3G дизайнындагы жылуулук бөлө турган конструкция дайындай ала турганын ырастайт.

Расмий маалыматка караганда, China General Nuclear Power Corporation "Казатомпром" компаниясы менен бирге 2006-жылдан бери уран өндүрүү, табигый уран сатуу жана таблетка чыгаруу боюнча кызматташып келе жатканы айтылат.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар "Казатомпром" улуттук компаниясы эки уран кениндеги үлүшүн кытайлык China General Nuclear Power Corporation (CGNPC) корпорациясына сатканын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG