Ссылки доступа

Тажикстанда "Пайк" басылмасы милиция кызматкерлеринин кысымына даттанды


Тажикстандын Хатлон облусундагы "Пайк" көз карандысыз басылмасы кызматкерлерине кысым көрсөтүлүп жатканына арызданып, Башкы прокуратурага жана президентин администрациясына кат жолдоду.

Гезиттин башкы редактору Ахмад Иброхимдин айтымында, аймактагы аткаминерлердин ишиндеги кемчиликтерди жазууну токтоттуруу үчүн Куляб бийлиги кызматкерлерге түрдүү ыкмада кысым көрсөтүүдө.

Өткөн аптада "Пайк" гезитинде санитардык абалы начар бала бакча жөнүндө макала жазылган. Анда балдарда бит пайда болгону, санитардык-эпидемиологиялык кызмат эч кандай чара көрбөй жатканы айтылган. Жергиликтүү санэпидкызматынын өкүлү гезитке прокуратура бул бала бакчада эч кандай текшерүү жүргүзбөө тууралуу көрсөтмө бергенин билдирген.

"Пайк" гезитинин башкы редактору бул макала жергиликтүү бийликтин кыжырына тийип, ошондон бери кызматкерлерге кысым башталганын белгиледи. Анын айтымында, 3-ноябрдан бери милиция кызматкерлери сын макаланын автору Мухаммад Мусавини аңдууга алып, ар түрдүү шылтоо менен үч жолу үйүнө кирип барышкан.

Куляб шаардык ички иштер башкармалагынын башчысы Файзулло Нозимзода жергиликтүү кабарчыларга эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнүн билдирди.

"Эч кандай кысым болгон эмес. Мухаммад Мусави армияга барышы керек болчу, ошондуктан чакырганбыз. Бирок биз кайра ойлонуп, аны кое бердик", - деди ал.

Журналист көзү начар көргөндүктөн, аскерде кызмат өтөө милдетинен бошотулган.

Буга чейин өрткө каршы кызмат "Пайк" басылмасына айып пул салган, прокуратура анын ишин бир нече убакытка чейин токтоткон.

Кулябда "Пайк" гезити он жылдан бери чыгат. Бул Хатлон облусундагы жападан жалгыз көз карандысыз басылма.

XS
SM
MD
LG