Ссылки доступа

Казакстанда уйгур тектүү кытай жараны депортация коркунучуна кабылды


10-ноябрда Павлодар облустук полиция департаментинин миграция кызматы уйгур тектүү кытай жараны Смайыл Абилкасымдын Казакстанда жашап турууга уруксат берген документин (ыктыяркатын) кайтарып алды. Эми ал Кытайга депортацияланышы мүмкүн.

Смайыл Абилкасымдын адвокаты Алмагүл Бахралинованын айтымында, 10-ноябрда ага тилкелик инспектор келип, туруктуу жашоого уруксат берген кагазды даярдоо учурунда Нур-Султан шаарынын миграциялык кызматынын адистери ката кетиргенин, документтин күчү жоюла турганын айткан.

Маалыматка караганда, Нур-Султан шаардык полиция департаментинин миграция кызматы Смайыл Абилкасымга “мөөнөтү өтүп кеткен визанын негизинде” Казакстанда туруктуу жашоого жол ачкан документ берген. Кызматтык териштирүү жүрүп, ката кетирген кызматкерлер жазаланган.

Адвокат туруктуу жашоого уруксат берген документти алып коюу мыйзамсыз экенин, катаны миграция кызматы кетиргенин билдирүүдө.

Миграция кызматы Абилкасымга Казакстан аймагынан чыгып кетүү үчүн бир айлык убакыт берген.

"2019-жылдан бери Павлодарда жашайм. Бул жерде миграция полициясына документ тапшырып, туруктуу жашоого уруксат алгам. Мыйзамды бузган эмесмин. Эми өлкөдөн чыгып кет деп жатышат. Кайда барам? Кытайга кайта албайм, ал жакта кооптуу", — деди Смайыл Абилкасым.

Анын айтымында, балдары Кыргызстанда жана туруктуу жашоого уруксаттары бар. Анын аялы – кыргызстандык.

Казакстанда ыктыяркат чет өлкөлүктөргө 10 жылга берилген документ. Ал жарандык алганга чейин Казакстанда туруктуу жашоого мүмкүндүк берет.

XS
SM
MD
LG