Ссылки доступа

Исламабадда Ооганстандагы кырдаал боюнча эл аралык жыйын өтүп жатат


Исламабадда Ооганстандагы кырдаал боюнча эл аралык жыйын өтүп жатат. Ага АКШ, Орусия, Кытай жана Пакистандын өкүлдөрү катышууда.

Аларга талибдердин өкмөтүндөгү тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Мутакки да кошулушу ыктымал. Ал 10-ноябрда Исламабадга барган. Бул талибдер Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийинки "Кеңейтилген үчилтиктин" алгачкы жыйыны.

10-ноябрда Ооганстандагы кырдаал боюнча жыйын Индиянын баш калаасында өткөн. Ага Борбор Азия мамлекеттеринин, Иран жана Орусиянын коопсуздук жаатындагы расмий өкүлдөрү катышкан. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов өз сөзүндө экстремизм менен сепаратизмге каршы күрөштө бирге кызматташууга чакырып, Ооганстандагы гуманитардык кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

Жыйындын соңунда Ооганстан боюнча Дели декларациясы кабыл алынды.

Анда радикализацияга, экстремизм менен сепаратизмге, маңзаттын мыйзамсыз айлануусуна каршы бирге кызматташуу боюнча чакырыгы камтылган. Конференциянын катышуучулары Ооганстандагы гуманитардык кризис боюнча олуттуу тынчсыздануусун билдиришти.

XS
SM
MD
LG