Буга чейин Орусия ИИМи ал өз каалоосу менен Ашхабадга учуп кеткенин билдирген. Укук коргоочулардын биргелешкен билдирүүсүнө караганда, ал паспортун жоготкондугуна жана ырааттуу каттамдардын жоктугуна байланыштуу мекенине учуп кете алмак эмес.
Орусияда жашап жүргөн оппозициялык активист Азат Исаков 20-октябрда Подмосковьеде дайынсыз жоголгон.
2-ноябрда "Түркмөнстан хроникасы" басылмасы "Түркмөнстан, биригебиз" аттуу оппозициялык топтун лидери Чемен Ореге шилтеме кылып, активист эч ким менен байланышка чыкпай жатканын кабарлаган.
Маалыматка караганда, Исаков акыркы жолу Чемен Оре менен байланышып, "Полиция келди. Мен жашырынып калдым. Табышса алып кетишет" деген смс-билдирүү жөнөткөн. Андан соң телефондук чалууларга жооп бербей калган. Чемен Оренин айтымында, буга чейин түркмөн укук коргоо органдары Исаковду жана анын Түркмөнстандагы туугандарын бир нече жолу катаал жаза менен коркутушкан.
Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 20-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан түркмөнстандык оппозициялык активист Азат Исаков 22-октябрда Москвадагы Домодедово аэропортунан Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарына учуп кеткенин кабарлаган.
Орусия ИИМи активистти издөө үчүн Түркмөнстандын укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштаган.