Ссылки доступа

Лондон трибуналында Ирандагы 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган нааразылык боюнча угуу башталды


11-ноябрда Лондондогу Укук коргоо трибуналы 2019-жылы ноябрда 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Ирандагы бийликке каршы нааразылык боюнча күбөлөрдүн, активисттерин көрсөтмөлөрүн уга баштады.

Эл аралык элдик трибунал 14-ноябрга чейин болот. Анда комиссия Иранда орногон теократиялык бийликтин аракетин "адамзатка каршы жасалган кылмыш" деп эсептөөгө болор-болбосун аныктайт. Бүтүм 160тан ашуун күбөнүн көрсөтмөсүнө негизделет. Баяндама келерки жылдын башында жарыяланышы керек.

Укуктук макамга ээ эмес трибуналды үч укук коргоо тобу – Лондондогу "Иран үчүн адилеттүүлүк", Ослодогу "Иран адам укуктары", Париждеги "Өлүм жазасына каршы бирге" демилгелеген. Бул топтор Иран бийлигин 2019-жылдагы киши өлтүрүүлөр үчүн жоопко тартууну көздөйт.

Ирандагы митинггдер 2019-жылы 15-ноябрда дароо бир нече шаарда башталган. Нааразылыкка бензин баасынын жогорулашы жана күйүүчү майга киргизилген чектөө себеп болгон. Демонстрациялар бат эле 100дөн ашуун шаарга жайылган. Анын катышуучулары Иран лидерлерине, анын ичинде руханий лидер, аятолла Али Хаменеиге каршы ураандарды айтышкан.

Укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, иран бийлиги нааразылыкка чыккан жана жөн гана көчөлөрдөн өтүп бараткан кишилерди жаракат кылып же өлтүрүп, күч менен жооп кайтарган. Өкмөт маалымат алмашууну чектөө үчүн интернетти бир нече күнгө толугу менен өчүргөн.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG