Компанияда 2003-2014 жана 2019-2021-жылдары слесарь болуп иштеген Акылжан Киылбаевдин айтымында, компания ноябрдын ортосунда эч кандай түшүндүрмө бербестен, аны менен эмгек келишимин бузган.
- Негизи штатта болчумун. Компания акыркы эки жылда “сыноо мөөнөтүндө” иштеп жатканымды айтууда. 2020-жылы эмгек келишим узартылган. Мекеме башчылыгы “быйыл президент сиз менен эмгек келишимин бузуу жөнүндө чечим кабыл алды” деди. Себебин сурадым, мага “жетекчиликтен сураңыз” деди. Жетекчиликке кирейин десем, мени кабыл алган жок, - деди Киылбаев.
Кесиптик кошуундун башчысы Толеген Жайназаров буга чейин Акылжан эч кандай эскертүү же сөгүш албаганын ырастады. Анын билдиришинче, жумушчулар иштен кетирүү “нааразылыктан кийинки кысымдын башталышы болушу мүмкүн” экенин божомолдошууда.
Бул арада компаниянын эки ширетүүчүсү – Галымжан Оспанов менен Мейрамбек Орынбасаров да белгисиз себептерден улам октябрдын ортосунда иштен алынганы белгилүү болду.
Сентябрдын ортосунда "Аралтуз" компаниясынын миңден ашуун жумучусу айлык акыны кеминде 50% жогорултуу талабы менен иш таштаган. Он күндөн кийин жетекчилик алардын талабын жарым-жартылай канааттандырган, жумушчулар ишке кайткан.