Ссылки доступа

Европа соту кулчулукка кабылган өзбек жана казак жарандарынын арызын карайт


Европанын Адам укуктары боюнча соту Москвада кулчулукта болгон Казакстан жана Өзбекстан жарандарынын арыздарын карайт. Бул тууралуу соттун сайтында кабарланды.

Сот беш жабырлануучунун эки арызын бириктирген. Биринчи даттануу Казакстан жарандары Фатима жана Алия Мусабаевалардан, Өзбекстан жарандары Гүлжанар Назарова менен Бакия Касымовадан 2016-жылы түшкөн. Экинчи арызды 2018-жылы Казакстан жараны Несибели Ибрагимова жөнөткөн.

Аялдардын укугун “Мемориал” укук коргоо борборунун юристтери коргойт. Алар "Гражданское содействие" комитети менен кызматташат. Маалыматка караганда, сот Орусияга иш боюнча суроолорун жиберет.

"Европанын Адам укуктары боюнча соту Орусияга Адам укуктары жөнүндө Европа конвенциясынын бузулушуна байланыштуу суроолорун жолдойт. Жоопкердин арызданган тарап менен тынчтык келишимин түзүүгө укугу бар. Антпесе, иш карала баштайт”, - деди юрист Иван Новиков.

Мигранттарды кулчулукта кармаган азык-түлүк түйүнү Москванын Гольянова районундагы Уральская, Парковая жана Новосибирская көчөлөрүндө жайгашкан. Дүкөндөргө жубайлар жана алардын тууганы ээлик кылат.

Бизнесмендер бул аялдардын документтерин тартып алып, Орусияда аларды эмгек мигранты катары каттоодон баш тартышкан. Бул арада жабырлануучуларга маяна төлөнүп берилген эмес жана алардын дүкөндүн аймагынан чыгуусуна тыюу салынган. Аялдар жертөлөдө жатууга мажбур болушкан.

"Дүкөн ээлери менен кызматкерлери Казакстан жана Өзбекстан жарандарын жылдар бою акысыз иштетип, зордоп, уруп-согуп турган. Укук коргоо органдарынын жардамы менен куугунтуктайбыз деп опузалашкан”, - деп жазды “Гражданское содействие” комитети.

Комитет полициячылар жана тергөөчүлөр жабырлануучулардын кылмыш ишин козгоо өтүнүчүн четке кагышканын да белгилейт.

XS
SM
MD
LG