Бул иш Душанбенин Сино райондук сотунда каралууда. Шектүүлөргө карата “ири өлчөмдөгү маңзатты мыйзамсыз жүгүртүү”, “аткезчилик”, “арам акчаны адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Маалыматка караганда, топ узак убакыт бою маңзат аткезчилиги менен алектенген. Шектүүлөрдүн бири Азамат Тулаганов өзбек жараны болуп эсептелет.
Буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүнө эл аралык издөө жарыяланганы айтылган.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги 13-октябрда трансулуттук кылмыштуу түйүн көп убакыттан бери Ооганстан маңзатын Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Европага жөнөтүп турганын кабарлаган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн наркы 6 миллион доллардан ашык 473 килограмм маңзат, анын ичинен 79 килограмм героин алынган.
Бул иш боюнча сот өкүмү келерки жумада чыгары күтүлүүдө.