Ссылки доступа

Азия өнүктүрүү банкы "Алматы-Ысык-Көл" трассасынын курулушун колдойт


Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) “Алматы-Ысык-Көл” альтернативдүү жолунун курулушунун долбоорун колдойт.

Бул тууралуу 13-ноярда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Лао-Арайя Канопкандын жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Сүйлөшүү маалында бул долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында илгерилетүү жана техникалык, каржы, экономикалык маселелери талкууланды.

Аалиев долбоор чоң мааниге ээ экенин айтып, банктын өкүлдөрүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Долбоор өлкөнүн туристтик, транспорттук жана соода-сатык потенциалына оң таасирин тийгизет. Министрлер кабинети долбоорду ишке ашыруу үчүн болгон жардамын берет", — деди Аалиев.

Министрлер кабинети Алматы менен Ысык-Көлдү бириктирген альтернативдүү жол убакыт жана жол акысын үнөмдөп, каттамдардын көбөйүшүнө шарт түзөрүн белгилейт.

Кыргызстан менен Казакстан “Алматы-Чолпон-Ата” трассасын куруу боюнча биринчи жолу 2015-жылы макулдашкан. Анда жол салынса, эки өлкөнүн аралыгы 250 чакырым болору, казакстандыктар Ысык-Көлгө 2,5 саатта жетери айтылган.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG