Мекеменин маалыматына караганда, өрт жергиликтүү убакыт боюнча 10:30дарда башталып, 15:40та толугу менен өчүрүлүп бүткөн.
Өзбекстандын Тышкы миграция маселелери боюнча агенттиги өрттөн өлкөнүн төрт жараны каза болгонун кабарлады.
"Кырдаал көзөмөлгө алынып, биздин жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чаралар көрүлүп жатат", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.