Ссылки доступа

Тажикстандык активист Кадам Исматов орус жарандыгынан ажыратылды


Социалдык түйүндөрдө тажик бийлигин сындап жүргөн активист Кадам Исматовдун орус жарандыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу ал өзү 14-ноябрда "Озоди" радиосуна билдирди.

Активисттин айтымында, мындай чечимди Орусиянын Саратов шаардык миграция башкармалыгы 22-сентябрда эле кабыл алып, бул тууралуу ага өткөн жуманын аягында гана маалымат беришкен. Эми Исматов Тажикстанга депортацияланышым мүмкүн деп кооптонууда.

"Мага жарандык алууда туура эмес маалыматтарды бергенимди айтышты. Мен 2005-жылдан бери Орусиянын жаранымын, бул өлкөдө үй-бүлөм менен жашайм. Эмнеге маалыматтарым эми гана туура эмес болуп калды? Эмнеге бул маселе менин катышуумсуз каралды?", — деди Исматов.

Былтыр март айында да Саратов шаардык миграция башкармалыгы 58 жаштагы Исматовду жарандыктан ажыратуу маселесин көтөргөн. Бирок декабрда сот активисттин пайдасын чечим чыгарган.

Мурдараак Европадагы оппозициялык топтор негиздеген "Тажикстандагы саясий туткундарды куткаруу боюнча жарандык комитет" эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылып, Кадам Исматовдун Орусиядан Душанбеге депортацияланышына жол бербөөгө чакырган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Орусияда тажик бийлигин сындаган адамдардын кармалып, мекенине депортацияланышын дайыма сындап келишет.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG