Мекеменин маалыматына караганда, Душанбеде 18 жаштан ашкандар толук эмделип, шаар боюнча эмдөө планы 100% аткарылды. Азыр бул маалыматтын канчалык деңгээлде объективдүү экенин текшерүүгө мүмкүн эмес. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Тажикстанда расмий статистикага ишенбегендер көп болууда.
Тажик бийлиги акыркы бир айдын ичинде өлкөдө бир да кишиге коронавирус жукпаганын билдирип келет. Бирок өткөн жуманын аягында эле дарыгерлер COVID-19 жуктурган жаңы үч учур катталганын кабарлашты.