Ссылки доступа

Иркутскта тажик мигранттары жашаган вагон атайлап өрттөлдү (видео)


Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Орусиянын Иркутск облусундагы Залари кыштагында эмгек мигранттары жашаган курулуш вагонуна өрт коюлуп, тажикстандык эки жаран мерт болду. Алар 21 жаштагы Насимджон Саидали менен 19 жаштагы Сирожиддин Амонулло экени аныкталды.

Иркутск облусунун прокуратурасы бул фактыны “Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү” беренеси боюнча иликтөөдө.

Орусиялык басылмалар тергөө органдарына шилтеме кылып билдиргендей, 12-ноябрда жергиликтүү жашоочулар менен мигранттар ортосунда тирешүү болгон. Анын натыйжасында тажикстандык беш мигрант жабыркаган.

Иркутсктагы тажик диаспорасынын башчысы Алишер Ширинов тажикстандык 15 мигрант окуя болгон жерден анча алыс эмес аймакта вагондо жашаганын билдирди. Жаңжал болгондон кийин түнчүндө вагондо жети мигрант уктап жатканда кол салуу болгон.

Ушул тапта бул окуяга байланыштуу бир нече жергиликтүү жашоочу жана бир тажикстандык жаран “жаңжал чыгаруу” шеги менен кармалды.

“Уруш жергиликтүү жашоочулар айылдагы дүкөн алдында эки тажик мигрантын “чуркалар” деп атагандан кийин башталган. Алар орус тилин начар билишкен жана бул сөзгө арданып, курдаштарынын бирине телефон чалышкан. Ортодо жаңжал чыккан. Ошол эле түнү 20-30 киши мигранттар жашаган вагонго келип, аны өрттөп жиберишкен”, - деди Алишер Ширинов.

Ширинов тажик мигранттарын өч алуудан оолак болууга чакырды.

“Московский комсомолец” жаңжал мигранттар жергиликтүү кыздар менен сүйлөшүүгө аракет жасашкандан кийин башталганы аныкталганын жазды.

Былтыр Орусиядан Тажикстанга “жүк-200” менен 300дөй тажикстандык мигранттын сөөгү мекенине жеткирилген. Андан мурдараак бул көрсөткүч жылына 600-800дү түзүп турган.

Глава таджикской диаспоры в Иркутске обращается к мигрантам: не предпринимайте актов возмездия
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00
XS
SM
MD
LG