Ссылки доступа

"Абай" шахтасындагы кырсыктан аман калган кенчилер ооруканадан чыгышты


“Абай” шахтасындагы кырсыктан аман калган эки кенчи 15-ноябрда Карагандыдагы ооруканадан чыкты. Дарыгерлердин айтымында, аларга реаблитация керек.

Жабырлануучулар азырынча алсыз жана баш айлануу бар. Убактылуу жумушка чыкканга болбойт.

7-ноябрда “Абай” шахтасында метан газы жарылып, алты адам көз жумган, эки киши жаракат алган.

Маалыматка караганда, бул шахтада маал-маалы менен белгилүү бир өлчөмдө газ чыгып турат. Быйыл май айында шахтанын ишин токтотуу боюнча эскертүү берилген. Анда электр жабдууларын, дем алуу аппараттарын пайдаланууда көптөгөн катачылыктарга жол берилип жатканы айтылган.

"Абай" көмүр кенинде 2008-жылы да ушуга окшош кырсык катталган. Анда метан газы жарылып, 30 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын көбүнүн сөөгүн жер үстүнө алып чыгууга мүмкүн болгон эмес.

XS
SM
MD
LG