Ссылки доступа

Орусияда Казакстандын жаранын зордуктоого айыпталган мурдагы полиция кызматкерлери акталды


Екатеринбург шаарынын Ленин райондук соту 22 жаштагы казак жаранын зордуктоого шектелген полициянын мурдагы үч кызматкерин актады. Судья алардын аракетинде кылмыштын белгилерин тапкан жок деп жазылган соттун сайтындагы маалыматта.

Тергөөнүн версиясы боюнча 2019-жылы 18-августта Вадим Мустафин, Андрей Бессарабов жана Вячеслав Тропин аттуу тартип коргоочулар казакстандык кызды күчтөп кызматтык машинеге отургузуп зордукташкан. Үчөө тең кийин иштен алынган. Ички иштер министрлиги текшерүүдөн кийин алардын жетекчилери жумуштан алынганын, 14 кызматкерге эскертүү берилгенин билдирген.

Былтыр июлда райондук сот Мустафинди алты жарым жылга, Тропин менен Бессарабовду алты жылдан колонияга кескен. Бирок ошол эле жылдын декабрында Свердлов облустук соту өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Айыпталгандар сот залынан коё берилген жана алар айрым чектөөлөргө кабылган.

Облустук соттун чечиминин себептери айтылган жок.

XS
SM
MD
LG