Ссылки доступа

Австралияда камактагы тажикстандык окумуштууга дагы 14 эпизод боюнча айып тагылды


Абдусалом Одиназода
Абдусалом Одиназода

Австралияда терроризмди пропагандалоо айыбы менен камакка алынган тажикстандык окумуштуу Абдусалом Одиназодага дагы 14 эпизод боюнча айып тагылды. Бул тууралуу West Australian агенттиги кабарлады.

Бүгүнкү күндө 53 жаштагы Одиназоданын иши боюнча тергөө иштери аяктаган-аяктабаганы белгисиз.

Азырынча терроризмге байланышкан жаңы айыптоолор тууралуу окумуштуунун өзү жана анын адвокаты өз пикирлерин билдире элек.

Перт шаарындагы Батыш Австралия университетинде окутуучу болуп иштеген Абдусалом Одиназода терроризмди пропагандалоо жана интернет аркылуу экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таркатуу айыптары менен 2020-жылы декабрда кармалган. Австралиянын полициясы ага карата тергөө иштерин быйыл февралда, ал интернетке "зомбулукка чакырган видео" жайгаштыргандан кийин баштаган.

2018-жылдын башында Тажикстандын бийлиги Абдусалом Одиназодага каршы "Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү чакырыгы" жана "Интернет аркылуу экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Одиназода 2003-жылдан бери Австралияда жашайт жана бул өлкөнүн жарандыгын алган. 2015-жылы ал мекенине кайтып келип, Тажик медициналык университетинде химия мугалими болуп иштей баштаган. 2016-жылы ал "Фейсбуктагы" баракчасына документтериндеги көйгөйлөрдөн улам Тажикстандан депортацияланганын жазган.

Алгачкы жылдары Одиназоданын социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрүнүн көбү перс тили, тажиктердин иденттүүлүгү жана зороастризм тууралуу болчу. Бирок Тажикстандан кеткенден кийин анын көз карашы өзгөрүлүп, диний темаларда жазып, "Ислам мамлекети" террордук тобун ачык колдоп, баракчаларына экстремисттердин видеолорун жайгаштыра баштаган.

XS
SM
MD
LG