Маалыматка караганда, инспектор башка жарандын атына берилген 7.5 миң доллар насыяны уурдоого шектелүүдө. Ага “Алдамчылык”, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
“Шектүү ар кыл себептерди айтып, тергөөгө келүүдөн баш тарткандыктан улам ага сыртынан айып тагылган. 13-ноябрда камакка алуу чечими чыгып, инспекторго издөө жарыяланган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ал 14-ноябрда кармалган жана учурда тергөө изоляторунда”, деп айтылат укук коргоо органдары тараткан билдирүүдө.
Мурдагы инспектор Сардорбек Отабаев ИИМ башчысына жолдогон видеокайрылуусунда Наманган шаардык ички иштер башкармалыгында өң карамалык, жакындарын ишке алуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу сыяктуу мыйзамсыз иштер жөнүндө айткан.