Ссылки доступа

Орусияда жоголгон түркмөн активисти Түркмөнстанда табылды


Орусияда түшүнүксүз жагдайда дайынсыз жоголгон түркмөн активисти Азат Исаков Ашхабадда табылды. 

“Азаттыктын” түркмөн кызматы жергиликтүү полициядагы өз булагына шилтеме жасап билдиргендей, Исаков Түркмөнабадга учак менен жеткирилип, полиция башкармалыгында бир нече саат кармалган.

“Исаков Түркмөнабад шаардык полиция башкармалыгында алты саат кармалып, ошол эле күнү түнүчүндө укук коргоо органдарынын коштоосунда Ашхабадга жөнөтүлдү”, деген өз булак.

Активисттер Исаковду Түркмөнстанда кыйноо күтүп турушу ыктымал экенинен кооптонушууда.

Түркмөн режимин жана президент Гурбангулы Бердымухамедовду ачык сындаган 37 жаштагы Исаков 20-октябрда Орусияда дайынсыз жоголгон. 9-ноябрда Орусиянын Ички иштер министрлиги Азат Исаков 22-октябрда Москвадагы Домодедово аэропортунан Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарына өз ыктыяры менен учуп кеткенин кабарлаган.

Укук коргоочулар активист паспортун жоготкондугуна жана пандемиядан улам ырааттуу каттамдардын жоктугуна байланыштуу мекенине учуп кете алмак эмес экенин айтышкан.

Бездействие туркменских властей в условиях ухудшающейся социально-экономической ситуации в Туркменистане, обусловленных высокой безработицей, живущим впроголодь населением, большим количеством умерших от коронавируса, является причиной растущего внутри страны недовольства и протестного движения туркменистанцев за пределами страны. Власти отвечают усилением репрессий и преследованием активистов и их родственников.

XS
SM
MD
LG