Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети билдиргендей, окуя 15-ноябрда болгон. Психолог-куткаруучу аял менен сүйлөшүп, аны алаксыткан. Ошол маалда 16 кабаттан аркан менен түшкөн куткаруучулар аялды батирдин ичине түртүп жиберүүгө үлгүрүшкөн.
“Аялдын жашы - 27де, эки баласы бар. Ал жолдошу менен урушуп кеткенден кийин өмүрү менен кош айтышууну чечкен”, - деди комитеттин маалымат катчысы Умеда Юсуфи.
Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылдын башынан бери 200дөй киши куткарылган. Психологдор бери дегенде эле беш кишини суицидден баш тартууга көндүрүшкөн.
Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Аялдар жана үй-бүлө комитети былтыр 600дөн ашуун адам өз өмүрүн кыюуга аракет жасаганын кабарлады.