Рейтингге ылайык, Албания менен Сириянын ортосунда жайгашкан Өзбекстан англис тилин билүү боюнча эң төмөнкү позициядагы өлкөлөрдүн катарында калды.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 96, Кыргызстан 101, Тажикстан 103-орунда турат. Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.
Рейтинг беш категорияга (“өтө жогору”, “жогору”, “орто”, “төмөн”, “өтө төмөн”) бөлүнгөн.
Тизменин башында Нидерланды, Австрия, Дания, Сингапур жана Норвегия турса, аягында Ливия, Руанда, Конго, Түштүк Судан жана Йемен жайгашкан.