Ссылки доступа

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигин мурда издөөдө жүргөн киши жетектейт


Өзбекстанда соцтармактардын колдонуучулары Мамлекеттик салык комитетинин мурдагы төрагасы жана премьер-министрдин орун басары Бехзод Мусаевдин саламаттык сактоо министри болуп дайындалышын сындашууда.

Алар пандемия мезгилинде медицина тармагын кесипкөй адис эмес мурдагы салыкчынын жетектөөсү туура эмес деп эсептешүүдө.

Өзбек коомчулугунун арасында Мусаев премьер-министр Абдулла Ариповдун ишенимдүү “бухгалтери” жана өзбек бийлигинин жогорку эшалонундагы коррупциялык чынжырдын маанилүү бир бөлүгү экени жөнүндө сөздөр айтылып келет.

“Озоликтин” өз булактары билдиргендей, 48 жаштагы Бехзод Мусаевди премьер-министр Аблулла Арипов өзү колдойт.

– Тар чөйрөдө Мусаевди “Ариповдун кассири” деп аташат. Ал алдамчылыкка айыпталып, ИИМдин издөөсүндө жүргөн. Ал гана эмес Америкага качып кетип, ошол жактан башпаанек алганы да кабарланган. Бирок Арипов премьер-министр болуп дайындалгандан кийин Мусаевди кайра алып келишти. Бардык кылмыш иштери жана издөө токтотулду. Эми аны саламаттык сактоо министри кылып дайындашты. Быйыл кышта коронавирус пандемиясы күчөй турганы жөнүндө айың кептер бар. Дагы акча бөлүшөт. Жыл башында бөлүнгөн үч триллион сум түгөндү, ага кошумча дагы бир жарым триллион сум бөлүндү. Дагы бөлүнөт деп жатышат. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигине өз кишисин коюшту, – деди өз булак.

Бехзод Мусаев салык комитетин жетектеп турганда мамлекеттик мүлктү чыгымга учуратууга шектелген.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эң коррупцияланышкан министрликтердин бири болуп эсептелет. Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев министрликте бюджеттен бөлүнгөн миллиондогон доллар уурдалганын айткан.

Мирзиёевдин бийлиги тушунда министрликтин жетекчиси беш жолу алмашты.

XS
SM
MD
LG