Ссылки доступа

Өзбекстандык ММА мушкери Гуам аралында вакцина жөнүндө талаштан кийин дарыгерди өлтүрдү


Орусиянын атынан америкалык Гуам аралында мелдешке чыккан өзбек жараны Акмал Хожиев дарыгер Миран Рибатини өлтүрүү шеги менен камалды. 

27 жаштагы Акмал Хожиев Миран Рибати менен дос болгон. 7-ноябрда Рибати Хожиевдин үйүнө барган. Үй ээси жана конок COVID-19 вакцинасы жөнүндө тартыша кеткен.

Хожиев эмдөөгө каршы экенин соцтармактардагы баракчаларында жашырган эмес жана колдонуучуларын вакцина алуудан баш тартууга үндөп келген. Талаш учурунда ал дарыгерди муунтуп, дасторкон үстүндөгү жилик менен Рибатинин моюнун бир нече жолу ургулаган. Жабырлануучу качууга аракет жасаган, бирок Акмал аны бычак менен бир нече жолу сайган.

Хожиев полицияга каршылык көрсөтпөй, колго түшүп берген жана Рибатини өлтүргөнүн мойнуна алган.

Акмал Хожиев Самаркандда туулган, кийинчерээк Санкт-Петербургга көчүп келген. Акыркы үч жылдан бери ал Гуамда жашаган жана ошол жакта машыккан.

Ушул күнгө чейин Хожиев кесиптик рингде төрт жолу күрөшкөн. Үч жолу жеңип, бир жолу утулган.

XS
SM
MD
LG