Ссылки доступа

БУУ: Ооганстанда апийимдин көлөмү көбөйдү


БУУ билдиргендей, Ооганстанда апийимдин мыйзамсыз өндүрүшү былтыркы жылга караганда 2021-жылы 8% өстү.

Быйыл Ооганстанда 6800 тонна апийим чогултулган. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин 16-ноябрда жарык көргөнбаяндамасында айтылат. Документтеги маалыматка караганда, апийимден оогандар 1,8-2,7 млрд. долларга чейин киреше табышкан.

«Ооганстандан чет жакка мыйзамсыз каналдар аркылуу чыгарылган маңзаттан кыйла ири суммадагы каражат түшөт», - деп жазылат баяндамада.

Агенттик белгилегендей, ооган экономикасынын 10% апийим соодасынан түшкөн пайда түзөт.

Август айында апийимдин баасы май айына салыштырмалуу эки эсе көтөрүлгөн. Муну баяндаманын авторлору талибдер өлкөнү басып алгандан кийинки саясий туруксуз абалдан көрүшөт. Маңзат жана кылмыштуулукка каршы агенттик эл аралык коомчулукту апийим өндүрүшүн кыскартуу боюнча жергиликтүү программаларды кыскартууга көмөктөшүүгө чакырды.

Дүйнөдөгү апийим өндүрүшүнүн 90% Ооганстанга туура келет.

XS
SM
MD
LG