Ссылки доступа

Президент жер боюнча митингге чыгуунун кереги жок экенин эскертти


Президент Садыр Жапаров «Жер-Ынтымак» конушунун тургундары менен жолукту.
Президент Садыр Жапаров «Жер-Ынтымак» конушунун тургундары менен жолукту.

Президент Садыр Жапаров жер маселесин көтөрүп митингге чыгуунун кереги жок экенин эскертип, кимдир бирөө жер басып алса дароо камакка алынарын билдирди.

Бүгүн 18-ноябрда ал Өкмөт үйүнүн алдына жер маселесин чечип берүүнү өтүнүп чыккандар менен жолугуп, көйгөйүн угуп, тийиштүү адистер маселени жеринен изилдеп чыккандан кийин чечим кабыл алынарын айтты:

“Жаңы конуштардагы "кызыл китеп" ала албай жүргөн, 16-17 жылдан бери документтештире албай жаткандарга бардыгына жеткирип койгула – эч кандай митингге бүгүнкүдөй самсаалап чыкпасын. Чечип берип жатам алардын баарын. Ар нерсенин өзүнүн убактысы болот. Бүтүндөй жалпы кыргызстандыктарга эскертип коёюн - мындан ары жер басып алгандарды дароо алып барып камап коебуз. Андай чектен чыккандыктын кереги жок. Мындан ары мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз биз”.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, акцияга Бишкек шаарынын “Түштүк-батыш көрүстөнүнүн” жанындагы “Жер-Ынтымак” конушунун тургундары чыккан. Алар 1300 үй курулган, жалпысынын 5-10 миң киши жашап жаткан конушу расмий түрдө санитардык-коргоочу аймакка кирерин, 15 жылдан бери документин ала албай жүргөнүн айтышты жана жерин мыйзамдаштырып берүүнү суранышты.

"Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам быйыл 15-августта күчүнө кирген. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилгени жатат.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

XS
SM
MD
LG