Ссылки доступа

Орусияда Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалган дагы бир тажик жараны бошотулду


Комилжон Юлдошев

Орусиянын укук коргоо органдары Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалган тажик жараны Комилжон Юлдошевди бошотту. Бул тууралуу анын жакындары "Озоди" радиосуна билдиришти.

17-ноябрда Тажикстандын Москвадагы элчилиги Юлдошевдин кармалышы боюнча Домодедово аэропортундагы укук коргоо орандарына кайрылып, "иштин жагдайларын кылдат тактоону" өтүнгөнүн кабарлаган.

Тажикстандын Исфара шаарынын тургуну Комилжон Юлдошев 16-ноябрда Москвадагы Домодедово аэропортунда кармалып, ага Кыргызстандын өтүнүчү менен издөө жарыяланганын айтышкан.

Юлдошев Кыргызстанга чектешкен Тажикстандын Сурх айылында төрөлүп өскөн. Туугандарынын маалыматына караганда, Кыргызстан аны чек арадагы коогалаңга катышкандыгы үчүн айыптоодо. Бишкек бул тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Ушул айдын башында Кыргызстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган дагы бир тажик жараны Диловар Жураев 16-ноябрда бошотулган. Бишкек аны "бейбаштыкка" жана "улут аралык кастыкты козутууга" айыптоодо.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Кыргыз-тажик чек арасы 970 километрге созулуп, анын 519 чакырымы гана аныкталып, такталган. Талаштуу тилкелердин көбү Баткен менен Согд облустарынын аймагында орун алган.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG