Ссылки доступа

АКШ сенаторлору түркмөн президентин саясий туткундарды бошотууга чакырышты

Америкалык мыйзам чыгаруучулардын тобу Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго кайрылып, өлкө абактарындагы саясий туткундарды эркиндикке чыгарууга чакырышты.

Сенаторлор Дик Дурбин, Патрик Лихи, Шеррод Браун жана Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Том Малиновский кол койгон катта камактагы журналист Нургелди Халыковду, дарыгер Хурсанай Исматуллаевди жана активист Гулгелди Аннаниязовду бошотуу чакырыгы жазылган.

"Түркмөнстан сиздин башкарууңузда эл аралык институттарга кошулуу, анын ичинде Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү үчүн, ошондой эле дүйнөнүн көңүлүн өз экономикасына бурдуруу үчүн өтө амбициялуу программаларды карманууда. Бул көп жылдык аракеттер өлкөдө адам укуктарынын сакталышына көңүл буруу менен бекемделет", — деп жазылган катта.

Бердымухамедов бийликке 2006-жылы, мурдагы президент Сапармурат Ниязов каза болгондон кийин келген. Ал бийликти сындагандарды куугунтуктап, Борбор Азиядагы жабык өлкөнү өтө катаал түрдө башкарып келет.

XS
SM
MD
LG