Ссылки доступа

Казакстандын Улуттук банкы теңге кунунун түшүүсүн мунайдын арзандашы менен түшүндүрдү


Теңге кунунун түшүүсүнө мунайдын арзандашы жана эл аралык кырдаал себеп болууда. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкы кабарлады.

19-ноябрга карата жарыяланган расмий валюта курсуна ылайык, 1 АКШ доллары 431,6 теңгеге барабар. Бул акыркы жарым жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Жергиликтүү басылмалар Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы акча алмаштыруу жайларында 1 АКШ доллары 433-434 теңгеге бааланып жатканын кабарлоодо.

Казакстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, октябрь айынын аягынан бери мунайдын салыштырма баасы акыркы жети жылдын ичиндеги рекорддук көрсөткүчтөн беш пайыздан көп төмөндөгөн. Буга АКШ мунай баасын ооздуктоо боюнча ыктымал чараларды көрө тургандыгы жөнүндөгү имиштер жана жакында дүйнөлүк базарда мунайдын ашыкча сунушу болору тууралуу ОПЕК менен Эл аралык энергетикалык агенттиктин божомолдору түрткү болгон. Мындан тышкары АКШ менен Кытайдын стратегиялык резервдериндеги мунайдын сатылышы да абалга таасир этүүдө.

Августта Улуттук банк быйыл Казакстанда 2017-жылдан берки рекорддук инфляция катталганын билдирген: июлдун жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 8,4% жеткен.

XS
SM
MD
LG