Ссылки доступа

Ашхабадда кайрадан субсидияланган азыктардын тизмеси кыскартылды


Иллюстрациялык сүрөт

Түркмөнстанда баалар өсүп, азык-түлүк таңсыктыгы күчөп жатканда баш калаа Ашхабаддын бийлиги кайрадан субсидиялаган азыктардын көлөмүн кыскартты.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, Ашхабаддын Кеши кичи районунда бир үйдө бир нече үй-бүлө жашаса да, аларга бир паёк берилет.

Буга чейин ар бирине өзүнчө берилчү. Дагы бир жерде субсиядаланган азык-түлүктүн тизмесинен өсүмдүк майы чыгарылды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бир паёкко бир килограмм шекер, тооктун эки буту, бир литр суу май кирет. Кээ бир жерлерде 15 даана жумуртка кошулган. Бул азыктар бекер эмес, бирок базардагыдан арзан сатылат. Мамлекеттик дүкөндөр аларга азык-түлүк чектелген көлөмдө келип жатканын айтышууда. Алар элге субсидияланган азыктар айына бир жолу сатыларын эскертишти.

Түркмөнстандагы экономикалык кыйынчылыктар пандемия маалында өзгөчө курчуду. Калктын көп бөлүгү мамлекет чегерген баа менен сатылган тамак-ашка көз каранды.

Буга карабай бийлик кризисти, каатчылыкты, пандемиянын элдин жашоосуна тийгизген залакасын танып келатат.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG