Ссылки доступа

БУУ: Душанбе башпаанек издеген 11 ооганстандыкты мекенине депортациялады


Вахдаттагы ооган качкындары. 2014-жыл
Вахдаттагы ооган качкындары. 2014-жыл

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Тажикстандын башпаанек издеген ооганстандыктарды мекенине депортациялаганына тынчсыздануусун билдирди.

БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын билдирүүсүндө Тажикстан 11-ноябрда башпаанек издеген 11 ооганстандыкты, алардын ичинде аялдар менен балдарды "күчтөп мекенине кайтарганы" жазылган. Ошондой эле билдирүүдө алар башкалка берүү тууралуу арызы кара электе эле депортацияланганы белгиленген.

"Башпаанек издеп Тажикстанга барып жаткан ооган жарандары түрдүү тоскоолдуктарга кабылууда. Июлдун аягында жергиликтүү бийлик аларга өлкөдө убактылуу жашап турууга уруксат берген документтерди берүүнү токтоткон. Бул документтин болушу башпаанек берүү тууралуу арыз жазуу үчүн зарыл болгон шарттарды бири. Тажикстандын качкын макамын аныктоо боюнча мамлекеттик комиссиясы да башпаанек берүү тууралуу арыздарды кароону убактылуу токтоткон. Бул тоскоолдуктардан улам кийинчерээк Ооганстандан келгендер Тажикстанда эч кандай документсиз жүрүшөт жана аларга айып пул салынып, камакка алынып, мекенине депортацияланышы мүмкүн. Качкындар жана адам укуктары боюнча эл аралык, ошондой эле улуттук мыйзамдарга ылайык, Тажикстан эл аралык жардамга муктаж адамдарга өз аймагына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү", - деп жазылган билдирүүдө.

Тажикстандын бийлиги азырынча БУУнун бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. Буга чейин тажик укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ооган качкындарына жардам берүү үчүн тиешелүү эл аралык колдоо болбой жатканын билдиришкен.

Быйыл августтун ортосунда Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин өлкөнүн мурдагы өкмөтү менен кызматташкан адамдар репрессияга кабылуу коркунучуна кептелишкен. "Талибан" кыймылы эч кимди куугунтуктабай турганын убадалаганы менен жарандардын көбү ага ишенбей келишет.

БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Душанбедеги өкүлдөрү кабарлагандай, бүгүнкү күндө Тажикстанда 14 миңге жакын качкын жана башпаанек издеген адам бар. Алардын 6,5 миңи өлкөгө 2021-жылга чейин келсе, калганы быйыл январдан сентябрга чейинки аралыкта келген.

XS
SM
MD
LG